Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Абылгазиев: Ачык-айкындуулук аркылуу бажыга болгон ишенимди кайтарабыз


Мухаммедкалый Абылгазиев, Алтынбек Торутаев бажы бекеттерин онлайн көрүп жатышат.
Мухаммедкалый Абылгазиев, Алтынбек Торутаев бажы бекеттерин онлайн көрүп жатышат.

Ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушкан учурда билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчыга бажы органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, монитордон реалдуу убакытта бажы түйүндөрүндөгү видеобайкоо камераларынын жардамы менен аракеттерди көзөмөлгө алса болот. Бул түйүн «Түндүк» системасына кошулган жана мекеменин сайтында бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү.

- Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Мындай кырдаалды чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер менен гана оңдоо мүмкүн. Бул оңой эмес жана көп эмгекти талап кылган процесс. Кытай менен чек арадагы өткөрмө жайларда ишке берилген инспектордук тыкыр көзөмөлдөө комплекстери сыяктуу, башка тилкелерди да заманбап техника менен жабдууга тийишпиз. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде бажы ишине көз салууга шарт түзөт. Бардыгына түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү система болушу керек, - деди жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун соңунда премьер-министр бардык бажы түйүндөрүндө, анын ичинде бажылык тариздөө жайларында ачык-айкын маалыматтык системаларды киргизүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG