Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Ошто бош орундар жармаңкеси өтүп жатат


Ош.Бош орундар жарманкеси
Ош.Бош орундар жарманкеси

Ош мамлекеттик университетинин имаратында мигранттардын эл аралык күнүнө карата ири жармаңке өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош жумуш орундарын сунушташууда.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжановдун айтымында, жармаңкеде 3000ден ашуун бош орундар жарыяланды. Анын ичинде студенттер үчүн алардын кесибине байланыштуу Европага үч айдан бир жылга чейинки жумуш орундары бар.

Учурда чет элде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны миллиондон ашуун экени айтылат. Алардын эң көбү Орусияда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1990-жылдын 18-декабрында мигранттардын укугун коргоо жөнүндө эл аралык конвенция кабыл алган. 2000-жылы 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган.(MdN)

XS
SM
MD
LG