Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты


Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда кайрадан чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Бул тууралуу басма сөз каражаттарында жазылып жаткан маалыматтарды Чек ара кызматы ырастады.

Мекеменин өкүлү Сажира Чоколоева “Азаттыкка” кабарлагандай, окуя бүгүн 9:30дар чамасында болгон. Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары Хикматулла Пираков менен телефондон сүйлөшүп, чырдын андан ары күч алып кетишин алдын алуу чараларын макулдашты. Алимбаев Көк-Таш айылына чыгып кетти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр катталган жерге Чек ара кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери барды. Учурда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Ушул эле айылда 16-декабрда да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп, тараптар чатакташып кеткен.

Быйыл 16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Чырда кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG