Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:18

Ошто мигрант күнүнө карата эл аралык форум өтүп жатат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Оштогу "Шанхай Сити" мейманканасында "Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталыштагы эл аралык форум өтүп жатат. Иш-чарага Орусия, Түштүк Корея, Түркия, Болгариядан келген өкүлдөр катышууда.

Форумда чет жакта жүргөн мигранттардын укуктары, алардын легалдуу жумуш орундары талкууланууда.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжановдун айтымында, чет жактагы мигранттардын саны 800 миңге жакын болсо, алардын 700 миңи Орусияда, Түркия менен Казакстанда 35 миң, Америкага 30 миң, Европада 20 миңден ашуун, Түштүк Кореяда 6 миңден ашуун мигранттар бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1990-жылдын 18-декабрында мигранттардын укугун коргоо жөнүндө эл аралык конвенция кабыл алган. 2000-жылы 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG