Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Тохтинин кызы атасына ыйгарылган Сахаров сыйлыгын алат


Илхам Тохти. 2013-жыл
Илхам Тохти. 2013-жыл

Кытайлык уйгурлардын укуктарын коргоочу, жикчилдикке айыпталып өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Илхам Тохтинин кызы 18-декабрда атасына ыйгарылган Сахаров сыйлыгын алат. Сыйлык Европарламенттин Страсбургдагы салтанатында тапшырылмакчы.

Октябрда “Ой жүгүртүү эркиндиги” сыйлыгынын лауреатын жарыялап жатып, Европа парламентинин төрагасы Давид Сассоли Бээжин бийлигин Тохтини “дароо” бошотууга үндөгөн.

Кытай Шинжаңдагы мусулман азчылыктарды куугунтуктап жатат деген эл аралык коомчулуктун кысымына туш болууда. Маалыматтарга караганда, бир миллиондой уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү түзөтүү лагерлеринде кармалып жатат. Бээжин болсо ал жайларды тил жана кесип үйрөтүү борборлору деп атайт.

Сыйлыкты 1988-жылы Европарламент негиздеп, адам укуктарын жана фундаменталдуу эркиндиктерди коргоочуларга берилип келатат. Аны советтик окумуштуу жана диссидент Андрей Сахаровдун урматына аташкан.

XS
SM
MD
LG