Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Өкмөт өкүлү чек арадагы чатактан жабыр тарткандардан кабар алды


Акрам Мадумаров ооруканада жаткан жабырлануучулардан кабар алды. 18-декабрь, 2019-жыл.
Акрам Мадумаров ооруканада жаткан жабырлануучулардан кабар алды. 18-декабрь, 2019-жыл.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыр тарткандарды көрүп, абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

Жараат алгандар Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилип, дарыланып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги алардын экөө октон жараат алганын, төртөөнүн денесине залака келгенин билдирди. Дарыгерлер алардын абалын салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалашууда.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды.

Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.

Кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда 9:30 чамасында чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

"Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажик тарап ырастагандай, мындан кийин кайым айтышуу башталып, таш ыргытууга өтүшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG