Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Жээнбеков: Мамлекет мигранттарга камкордугун күчөтөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Миграциянын эл аралык күнүнө карата чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жолдогон кайрылуусунда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жээнбеков чет жакта жүргөн кыргызстандыктар күнүмдүк жашоо муктаждыгы менен гана чектелбей, мекенине инвестиция тартып жатканын белгилеген.

- Өлкөбүздүн элет жериндеги турмуш деңгээлин көтөрүүгө кошкон салымыңызды баалайбыз. Мекендештерге колдоо көрсөтүүнү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктадык. Мамлекет өз жарандарына камкордугун күчөтөт, - деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Акыркы он жылда Кыргызстандын эмгек мигранттары жана мекендештер өлкөгө 19 млрд. доллардан ашык акча жөнөткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1990-жылдын 18-декабрында Мигранттардын укугун коргоо жөнүндө эл аралык конвенция кабыл алган. 2000-жылы 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG