Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Москвада мигранттарды тоноп жүргөн кыргызстандык топ кармалды


Кармалгандар.
Кармалгандар.

Орусиянын Москва шаарында мекендештерин тоноп, акча талап кылган, кыргызстандыктардан куралган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенишип, өз мекендештерин тоноп, акча опузалап жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшүп турган. Аталган топ Москва шаарында жана Москва облусунун аймагында ишкерлерди (кафе-ресторандарда, курулушта иштегендерди, таксисттерди) көзөмөлдөөгө аракет кылышканы да маалымдалган.

Быйыл декабрда Кыргызстандын жараны кайрылып, байкесин белгисиз адамдар уурдап, токойго алып барышып, бычак менен денесине залал келтиришкенин айтып даттанган. Кылмышкерлер байкесинен 200 миң рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 000 рубль берип турушу керектигин эскертишкен.

Бул факт Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүндө катталып, акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын төрт жараны кармалды.

Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жерден акча, үч бычак алынып, алар кылмыш ишинин материалына бекитилди. Кармалгандар адамды уурдоо, опузалап талап кылуу боюнча оор кылмыштарга шектелүүдө.

31, 22 жана 20 жаштардагы кыргызстандыктар Москва шаарынын тергөө абагына киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG