Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Бишкекте өткөн нааразылык акциялары Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы уюштурулуп жатканын жана айрым күчтөр муну кимдир-бирөөнүн кадыр-баркын тебелөө менен пайдаланып жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал 18-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда айрым журналисттер журналисттик этиканы сактабай, бир жактуу каралоого орун берип жатканы жазылат.
- Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишене турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты, - деди Матраимов.
Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгын күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор акцияларды уюштуруп, Райымбек Матраимовдун сүрөтүн ар кандай кылып жасап шылдыңдап, чагымчыл пикирлерди жайылтып жатканын кошумчалады. Матраимовдорго айтылып жаткан сын-дооматтар чындыкка дал келбесин далилдеп беришерин айтты.
18-декабрда Бишкекте «REакция 2.0» деген нааразылык акциясы өттү. Анын катышуучулары «Сөз эркиндиги! Бизге факты керек!, "«Азаттыкка» азаттык!", "Райым камалсын!", "Уурулардын орду түрмөдө!", «Реалдуу реформа!» деген ураандарды айтышты. Ушундай эле акция 25-ноябрда да өтүп, анда да бийликтен Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.
Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.
Ал эми Матраимовдор иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагышкан.
Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (BTo)