Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Жарандык коом коррупция менен цензурага каршы


Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган митинг. 18-декабрь, 2019-жыл.
Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган митинг. 18-декабрь, 2019-жыл.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган топ бул жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышты.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги экинчи жолу өттү.

Нааразылык акциясына чыккандар бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү жана сөз эркиндигин коргоону талап кылышты.

Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкере кылганына карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышты.

Тынчык акциясында эч кимге сөз берилген жок, “Баарынын оозуна жаба албайсыңар”, “Уурдаба, уят”, “Сөз эркиндиги”, «“Азаттыкка” азаттык» деп добулбастын коштосунда кыйкырып турушту.

- Интернеттен окуп турабыз. Журналисттердин изилдөөсүн да окудук. Бийлик ошол фактыларга реакция кылбай жатканынан келдик, - деди Улан аттуу митингдин катышуучусу.

Жогорку бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү коррупция тууралуу ооз ачпай, көрмөксөнгө, укмаксанга салып жатат деген карикатура тартылган баракча көтөрүп турган Адилет эч бир саясий кыймылды колдобогон жаштар чогулганын белгиледи.

- Биз коррупцияга каршы чыктык. Эч бир саясатчыны, саясий кыймылды колдобойм. Кыргызстандын жөнөкөй жараны катары мекеним үчүн чыктым. Бул көрүп турган сүрөт эл арасындагы “Эч нерсе көргөн, уккан жокмун, эч нерсе сүйлөбөйм” деп жамандыктан коргонгон акылдуу маймылдардын аналогу. Биздин учурда жамандык Райымбек Матраимов болуп жатат.

Ал арада Ала-Тоо аянтында колуна желек, калпак кийгендердин тобу пайда болду. Алардын айрымдары менен «REакция 2.0» акциясынын катышуучуларынын ортосунда кайым айтышкандар болду. Бирок милиция араздашуунун ырбап кетишине жол берген жок.

Калпакчандар андан ары кетип, Манастын эстелигинин жанына чогулушту. "Кырк чоро" уюмунун өкүлү Замир Көчөрбаев чогулгандар коррупцияга каршы, сөз эркиндигин коргоо үчүн чыкканын белгилеп, бирок үчүнчү күчтөрдүн өлкөнүн туруктуулугуна шек келтирүүгө жол берилбеши керектигин айтты. Көчөрбаев анткен менен үчүнчү күчтөр кимдер экенине токтолгон жок.

- Биз сөз эркиндигин колдойбуз, коррупцияга каршы күрөшүп келгенбиз жана күрөшө беребиз. Бул жердеги бейөкмөт уюмдардын, активисттердин баарын күнөөлөбөйбүз. Кыргыздын келечеги үчүн күйгөндөр да бар. Бирок арасында үчүнчү күчтүн максатын ишке ашырып, каржыланып жүргөн адамдар жүрөт деп ойлойм.

«REакция 2.0» акциясынын жүрүшүндө президентке кайрылууга кол топтоо болду. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ишеним көрсөтпөө боюнча жазылган. Ошондой эле Башкы прокуратурага жана сот бийлигине футболдо эреже бузгандарга колдонулган кызыл айып кагазын көрсөтүштү.

25-ноябрда да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анда бийликке эскертүү катары футболдо эреже бузгандарга колдонулган сары айып кагазы көрсөтүлгөн.

Бул жолку «REакция 2.0» акциясында да көбүнчө жаштар жана укук коргоочу, жарандык активисттер жүрдү.

Акцияга парламент депутатынан Рыскелди Момбеков менен Элвира Сурабалдиева да келди.

- Ар кандай элдин катмары, негизинен жаштар келди. Бул жерден унчукпай турганга болбойт. Айрыкча сайттарга хакердик чабуулдан кийин ачуум келип сессия болуп жатканына карабай келдим, - деди КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева.

Акцияда парламент депутаты Кожобек Рыспаев үчүн ачылган кутуга бир сомдон салгандар да болду.

Эске сала кетсек, 17-декабрда Жогорку сот «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

- Гезит бул сумманы көтөрө албайт. Анткени биздин бюджетте мынча акча жок. Ошондуктан Рыспаевге 300 миң сомду төлөп бериш үчүн «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштуруп жатабыз, - деп билдирди гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова.

Депутат Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.

Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Шаардык сот бул чечимди 5-сентябрда күчүндө калтырган. Гезит 2011-жылдан бери чыгып келет.

Жарандык активисттердин митингинен кийин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов нааразылык акциялары үй-бүлөсүнө каршы уюштурулуп жатканын жана айрым күчтөр муну кимдир-бирөөнүн кадыр-баркын тебелөө менен пайдаланып жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

- Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишене турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты, - деди Матраимов.

Социалдык тармактагы реакциялар

Жакшылык Бердибек уулу

Раим Матраимовго рахмат чынында. Кимдин ким экенин ачыктап берди.

"ReАкцияга коррупцияга каршы жарандар катышты. Кошумча РаимАкциячылар дагы топтолуп, баш аламандык, провокация уюштурууга катуу аракет жасашты. Бирок, милицияга рахмат, алар ReАкциячыларга аралаштырбай, киргиздирбей Раимакциячыларды Алатоо аянтын көздөй өткөрүп жиберишти. Милиция бул жерден провокациянын алдын алып, милдетин так аткарды. ReАкцияга белгилүү трайбалист, жалганчы бир киши барды. Атын атагым келбейт ал тургай. Кырк Чорочулар, Айбек Мырза (Aybek Myrza) сиздер ал митингдин максатын толук түшүнгөн жоксуңар же атайылап бардыңарбы? Мен өзүңүздөргө деле айттым.

Бул процесс коом үчүн коркунучу дагы, пайдасы дагы бар. Эгер бүгүнкүдөй биржадагы мас кишилерди алып келип антимитинг уюштуруп провокация уюштурула берсе бул чооң зыян алып келет, а эгер биримдикте болуп шектүү байлыктарды, коррупциялык деп эсептелген иштерди чогуу тактасак баары тынч бүтөт жана жакшылык гана алып келет".

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон.

Иликтөөлөрдү «24.kg» басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган. Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген.

Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG