Украина президенти Владимир Зеленский бир күн мурда Киевдеги парламенттин жанында болгон кагылышууну айыптады.
Айыл чарба багытындагы жерлердин сатылышына каршы митингге түмөндөгөн адамдар чыкканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Алардын чатыр тигүү аракеттерине полциия жол берген жок. Мындан улам кагылышуу башталып, 17 офицер жана эки журналист жаракат алды.
Зеленский "Фейсбукка" жазган билдирүүсүндө "ар бир жарандын тынч митингге чыгуу укуктарын колдоорун" айтып, "бирок кимдир-бирөө андан улам жабыркап жатса ким гана болбосун жоопкерчиликке тартылышы керек" деди. Президент ошондой эле мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат деп убада берди.
Акцияны АКШнын Украинадагы элчилиги да айыптады. Сунушталган мыйзамга ылайык, айыл чарба жерлерин сатууга киргизилген 18 жылдык мораторий алынышы керек. Зеленскийдин партиясы сунуш кылган бул мыйзам долбооруна каршы “Батькившина” жана орусиячыл “Оппозициячыл платформа” партиясы чыгып келе жатышат.