Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Матраимовдордун үч медиага арызы боюнча соттун алгачкы отуруму белгиленди


Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму 19-декабрда саат 14:00дө болору күтүлүүдө. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирдген. Маалыматты журналисттерге укуктук көмөк көрсөткөн "Медиа полиси" уюму бышыктады.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Матраимовдор журналисттер аткезчиликтин жана жемкорлуктун бетин ачкан иликтөөдө куру дооматка кабылганын айтып келатышат. Бул жагдайдан улам жарандык активисттер сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы реалдуу күрөштү бийликтен талап кылып, 18-декабрда "#REакция 2.0" деген тынчтык митингин уюштурушту.


Cотко арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКда сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан.

Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка алууну сөз эркиндигине чабуул катары баалашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG