Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:24

Ташкентте метро курулуп жаткан жерде кырсык болду


Ташкентте метро курулуп жаткан жер көчүп, ал жакта иштеген бир канча киши топурак алдында калганы кабарланууда.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрликтерине таянып билдиргендей, Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймактагы кырсыктан кийинки куткаруу, тазалоо иштери уланууда.

Окуя 18-декабрь күнү болду. Бери дегенде 5-6 адам топурак астында калганы айтылганы менен бул маалымат расмий тастыктала элек. "УзА" агенттиги куткаруу иштерин район акими көзөмөлдөп турганын жазды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, буга акыркы күндөрдөгү тынымсыз жамгыр себеп болгон.

Ташкент метрополитени жүргүзүп жаткан жер асты курулушундагы бул кырсыктын себептерин тактоо жана кесепеттерин жоюу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG