Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орусия Кыргызстанга акча которууга койгон чек 150 миң рублга көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Федерациясынан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Аталган маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин алкагында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Макулдашуулардан кийин «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт.

Быйыл апрелде Орусиядан Кыргызстанга, Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизилген. Буга байланыштуу мигранттар арасында жана Кыргызстандагы ишкерлерде нааразылыктар жаралган.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ишкерлик менен алектенген мигранттарга терс таасирин тийгизип жатканын мойнуна алып, аны чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG