Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 19-декабрда саат 10:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөп, чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте, Тажикстан менен чектешкен чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун ар кандай жарааттары менен ооруканага түшкөн.

Эки өлкөнүн жарандары 18-декабрда эртең менен чырдашып, бири- бирине таш ыргыткан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти. (BTo)

XS
SM
MD
LG