Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Декларацияны толук толтурбаган 900дөн ашуун кызматкерге чара көрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын башынан бери декларация жөнүндө мыйзамдын бузулганы тууралуу 800дөн ашык акт түзүлүп, 937 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кызматкерлер негизинен кирешелерин, мүлкүн көрсөтүүдө мыйзам бузганы такталган. Алар ошондой эле декларацияларын мыйзам бекиткендей мөөнөттө толтурбаганы, толук эмес же туура эмес маалыматтарды киргизгени жана менчик түрүндөгү юридикалык жакта ээси же жетекчиси катары катталганы көрсөтүлбөгөнү аныкталган.

Декларациясын толтурууда мыйзамды аткарбаган мамкызматкерлердин маселеси Башкы прокуратуранын демилгеси менен өтүп жаткан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын Координациялык кеңешинин 19-декабрдагы жыйынында да көтөрүлдү.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамына мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энеси, жубайы, балдары, бир туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлкү тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Маалыматты жашырган декларанттар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендерден жалпы 49 миңдей адам декларация тапшырат. (ErN)

XS
SM
MD
LG