Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:08

Түлөбердиевдин ачыкка чыккан байлыгы


Ренат Түлөбердиев.

Factcheck.kg басылмасы «Улуттук башкаруучу компаниянын» жетекчиси Ренат Түлөбердиевдин декларацияда камтылбаган мүлктөрүн таап чыкканын жарыялады. Аткаминер болсо бул маалыматтарды төгүндөп жатат.

Түлөбердиев мурдараак Мамлекеттик мүлк фондун башкарган жана ушул кызматта туруп ири турак жайларын көрсөтпөгөнү суроо жаратууда. Мамлекеттик кызматкерлер декларациясында киреше-чыгашасын жашырган учурлар буга чейин да катталган.

Дагы бир атка минердин айтылбаган мүлкү

Мамлекеттик кызматкерлердин декларациясына байланыштуу иликтөөлөр сериясынын жаңы чыгарылышын Factcheck.kg порталы «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Ренат Түлөбердиевдин киреше-чыгашасына арнады.

Аткаминердин эки жылдык отчёттору менен башка ачык маалыматтарды салыштырып чыккандан кийин кабарчылар бир нече мүлктү жашыруу фактыларын аныктаганын жарыялашты.

Factcheck.kg басылмасынын журналисти Асель Сооронбаева дал келбестиктерди мындайча тактады.

Асел Сооронбаева.
Асел Сооронбаева.

- Түлөбердиев 2015-жылга жана 2016-жылга декларация тапшырыптыр. Акыркысында 226 чарчы метр аянты бар үйүн көрсөтпөй койгон, аны ошол жылы сатып алган экен. Мындан тышкары декларациясында 2012-жылы алган мүлкү жөнүндө да маалымат жок. Тагыраагы ал президенттин алдындагы мамлекеттик резиденцияны башкарып турган мезгилде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) таандык, алардын кызматкерлерине курулган кызматтык үйдөн бир батир алып, өзүнө каттап, кийин башка адамга өткөрүп жиберген. Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган учурда анын жакындары Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынан бир нече коттедж сатып алышкан экен. Бул жөнүндө Ренат Түлөбердиевдин отчётторунда эч кандай маалымат берилген эмес.

Кеп болуп жаткан иликтөөдө айтылгандай, биринчи аталган үй коомчулукта “Царское село” деген ат менен белгилүү, жалаң хан сарайлар жайгашкан "Киргизия-1" аймагында жайгашкан. Басылма ырастагандай бул жердеги үйлөр кеминде 280 миң доллардан арзан сатылбайт. Мына ушунун өзү көп суроолорго жем таштоодо.

- Мына көлдөгү коттедждерди сатып алды деп айтылган апасы Канымжан Өмүрова мугалим, №68 мектепте директор, ал эми бир тууганы Асхат Түлөбердиев “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык мекемесин жетектейт экен. Алар көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп бул мүлктөрдү кантип алышты? Ренат Түлөбердиев өзү да канча жылдан бери айлыкка гана иштеп келсе, жалаң “особняктар” жайгашкан “Царское селодон” үйдү кантип сатып алды деген суроо жаралат. Мындан сырткары Ренат Түлөбердиевдин ​атайын кызматтын кызматкерлерине берилген үйгө тиешеси жок болсо да ал жерден батир алганы таң калычтуу. Мындан да өзү мамлекеттин активдерин караган Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп туруп, өзүнүн мүлктөрүн жашырганы талкуулай турган маселе, - деди Factcheck.kg сайтынын кабарчысы, иликтөөнүн авторлорунун бири Сооронбаева.

Ренат Түлөбердиевдин мүлкү жазылган каттоо маалыматтары. Factcheck.kg
Ренат Түлөбердиевдин мүлкү жазылган каттоо маалыматтары. Factcheck.kg

Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компаниянын» жетекчилигине, мекеме түзүлгөндөн бир ай өткөндөн кийин, быйыл августта келген. Ага чейин эки жыл ушул органдын өзү баш ийген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген.

Мурдараак президенттин аппаратында, катчылыгында, иш башкармалыгында, өкмөттүн иш башкаруу бөлүмүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Эки жылдай Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстандын башкы консулу болуп иштеген.

Factcheck.kg басылмасы келтирген маалыматтарды Ренат Түлөбердиев толугу менен четке кагууда. Ал муну бирөөлөр атайылап чыгарып жатканын, бирок мүлкүн декларацияда толугу менен көрсөткөнүн айтты:

- Салык кызматында декларациянын канча түрү бар билбейм, менин колумда ошол жакка тапшырган эки декларация турат. Бири маяна, экинчиси мүлктөр жөнүндө. Мүлк жөнүндө берген жагында мага тийиштүү нерселер толук жазылып турат. Бул расмий документ, мөөрү бар. Сайттын кабарчылары декларацияны жакшы карабай эле, туура эмес маалымат чыгарышты. Мага чалып, бир ооз сурашкан да жок. Ал эми мүлктөр боюнча, "УКМКга тиешелүү үйдөн батир алды" дегени жалган. 2009-жылы, мен иштеп жаткан президенттин иш башкармалыгы менен атайын кызмат бирге Туңгучта (Бишкектеги кичирайон-ред.) үй курган. Анан биздеги үйү жок кызматкерлер 30% акчасын төлөп, батирди кадимкидей сатып алышкан. Мен да ошондой жол менен эки бөлмөлүү үй алып, 2013-жылы акчасын төлөп бүткөм. Көлдөгү коттедждерди апамдын бир тууган сиңдилери өздөрү алышкан, алар "Дордой" базарында ачылгандан бери иштеп, коттеджге жетерлик акча табышкан. Ал мүлктөрдүн мага тиешеси жок. Ал эми "особняк" деп айтып жатышкан жерде төрт үй-бүлөгө салынган үй турат. Болгону эки сотых жер, канчадан бери сата албай жүрөбүз. Эгер ошолор айткандай 280-300 миң доллар болсо, ошол суммага сатып алышсынчы, - деди ал.

Түлөбердиев бул маалыматтардын баары турмуштук чырдан чыгып жатканын кошумчалады. Тагыраагы, бир карындашы жолдошу менен ажырашып кеткенин, мурдагы күйөө баласы бул үчүн аялынын туугандарын күнөөлөп жатканын белгиледи.

Аткаминер мурдагы күйөө баласы Түлөбердиевдердин мүлкүнө байланыштуу жалган нерселерди сайттарга, басылмаларга берип, атайылап жаманатты кылууда деп эсептейт.

Жашырылган декларациялар парады

Киреше-чыгашалары тууралуу маалыматтарды декларациясында так көрсөтпөгөн аткаминерлердин жоруктары буга чейин да талкуу жаратып келген.

Ушул эле Factcheck.kg басылмасы бир жылдан бери кеминде 20дай атка минердин декларациясында мүлктөрү, кирешелери, компаниялары берилбей калып жатканын аныктап чыкты. Сайт алардын арасында парламент депутаттары Кубанычбек Нурматов, Абдимуктар Маматов, Гүлшат Асылбаева, Абтандил Кулбараков бизнестерин, кирешелерин жашырганын таап чыкты.

Акыркы жолу портал башка бир депутат, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзүнүн аялына катталган компаниянын кирешелерин көрсөтпөй, салыктарды жашырып келгенин жазып, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Башка сайттар да ушундай эле иликтөөлөрдү жасап келет. Соңку кезде атка минерлердин декларацияларын талдоого журналисттерге Declarator.politmer.kg сайты жардамга келүүдө.

Сайттын түзүүчүлөрү Салык кызматынын жана башка органдардын сайтына жарыяланган декларациялардын баарын кайра түшүнүктүү тил менен чыгарып келишет.

Аталган платформага ээлик кылган “Политмер” Интернет сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева буларга токтолду.

Наргиза Нанакеева.
Наргиза Нанакеева.

- Декларацияны биздин мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер беш жылдан бери толтуруп келет. Мыйзам ошого милдеттендирген. Бирок көп учурда декларациялар “белги” үчүн эле толтурулгандай элес калтырат. Булар кол учу менен жазып, анан көп учурда мүлкүн жашырып коюшат. Декларациядагы маалыматтардын көбү чындыкка дал келбейт. Анализ жүргүзгөндөн кийин биз жүздөй декларациянын отузуна жакынында маалыматтар так эмесин, жашырылганын аныктап жатабыз. Демек жалпы декларациялардын 30% толук эмес же мүлктөрүн көрсөтпөй койгон.

Declarator.politmer.kg сайтында ушул тапта жогорку кызматтагы эки миңден ашык адамдын декларациясы жарыяланган. Ал эми калган кызматкерлердин маалыматтары менен Салык кызматы жана башка органдар өздөрү гана иштейт жана ачыкка чыгарышпайт.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков бул тууралуу мындай деди:

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

- Мамлекеттик кызматта иштегендерден жалпы 49 миңдей адам декларация тапшырат. Бирок мыйзамга ылайык саясий, атайын мамлекеттик кызматтардын, административдик кызматтардын, дипломатиялык жана аскердик кызматтардын, муниципалдык кызматтардын жетекчилеринин гана декларациялары коомчулукка ачык коюлат. Алардын орун басарлары, бөлүм башчыларыныкы онлайн коюлбайт. Декларация тапшырышат, ага анализ кылганга Салык кызматы гана укуктуу, башка эч кимге берилбейт. Эгер декларанттар маалыматтарды жашырса, биз аны прокуратура органдарына беребиз, калган жумушту ошолор алып барат. Маселен, 2017-жылдын декларацияларын текшерүүдөн кийин 7495 кызматкердин документтериндеги дал келбестиктерди текшерүү үчүн прокуратура органдарына жибергенбиз. Билип-билбей туура эмес толтуруп же башка жагдайлар болушу да ыктымал.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамына мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энеси, жубайы, балдары, бир туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлктөрү тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Маалыматты жашырган декларанттар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Буга чейин кабыл алынган мыйзамдарга ылайык 2020-жылдан тартып 17 жаштан өткөн ар бир кыргызстандык бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек. Жалпысынан 4 миллион адам отчёт бериши керек болот.

Бирок быйыл жайда Экономика министрлиги милдеттүү декларация тапшырууну келерки беш жылда этап менен киргизүүнү сунуштаган. Мекеме коомдук талкууга алып чыккан мыйзам долбоорунда калк маалымат тапшырууга, мамлекеттик органдар аны иштеп чыгууга толук даяр эмес. Эгер жаңы мыйзам долбоору ишке кирсе, биринчи этабы 2021-жылы, экинчи этабы 2023-жылы, үчүнчү этабы 2025-жылы ишке кирет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG