Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Спикердин суроо жараткан мүлкү


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун аялы үч жыл бою ишкердикке тиешелүү салыгын жашырып жүргөнү тууралуу маалымат тарады.

Декларацияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул айына 60-64 миң сом табат дегенди билдирет.

Декларацияда Дастан Жумабеков 59 чарчы метрлик гана батирге ээлик кыла турганы көрсөтүлгөн.

Декларация.
Декларация.

Бирок ошол эле учурда спикер аялы Алина Кушубекованын бизнесин көрсөткөн эмес.

Declarator.politmer.kg сайтынын жазганына караганда, Алина Кушубекова дары-дармек саткан «Ал-Био Фарм» ишканасына ээлик кылат.

Бул ишкана 2018-жылы 93 миң сом салык төлөгөн. Мындан сырткары спикердин декларацияда көрсөтүлбөгөн «Артисбек Ата балдары» айыл чарба кооперативи да бар.

«Дастан Жумабековдун эң жакын кишиси - аялынын бизнеси декларацияга түшпөй калган. Анын бизнеси акыркы үч жылдан бери иштеп келатат. Тилекке каршы мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү мыйзамга каршы ишкерлик менен алектенип жатканы билинди. Бул өтө туура эмес. Жөнөкөй адамдардан мыйзамдын аткарылышын талап кылып жаткан бийликтегилердин ушундай жолго барып жатканы өкүндүрөт», - деди Рolitmer.kg и factcheck.kg Интернет-ресурсунун журналисти Наргиза Нанакеева.

Төрага Жумабеков аялы «Ал-Био Фарм» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомго ээлик кыларын 3-июлдагы басма сөз жыйында журналисттердин алдында мойнуна алган.

«Жубайымдын өзүнүн чакан ишканасы бар. Көп чоң деп айта албайм. Ал көрсөтүлгөн. Болгону өзүбүзгө мүлк, эмне тиешелүү болсо, баары декларацияда көрсөтүлгөн. Керек болсо ачып, көрүп алсаңыздар болот».

Бирок Дастан Жумабеков айткан декларацияда аялы Алина Кушубековага таандык фирма тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес. Дастан Жумабеков 2015-2016-2017-жылдары толтурган декларациясында да аялынын фирмасы тууралуу сөз жок.

Юстиция министрлигинин расмий сайтында дары-дармек менен алектенген «Ал-Био Фарм» аттуу фирмага Алина Кушубекова аттуу ишкер ээлик кылары жазылган.

Финансы министрлигинин "Ачык бюджет" деп аталган расмий сайтындагы маалыматка караганда фирма 2015-жылдан берки төрт жыл ичинде мамлекеттин казынасына 144 миң 565 сом төлөгөн.

Дастан Жумабеков айткандай, фирманын чакан же чоң экенин төрага айткандай оңой эле карап алууга мүмкүн эмес. Анткени ачык акционердик коомдордун жүгүрткөн акчасы тууралуу маалымат салык мыйзамы менен корголгон. Ал маалыматты алуу үчүн фирманын ээсинин расмий уруксаты керек.

Бирок фирма төлөгөн акчаны ачык булактардан эч буйдалбай эле текшерүүгө болот. Анда Алина Кушубекова «Ал-Био Фарм» фирмасы 2017-жылы гана пайдадан алынуучу салыкка 22 миң 750 сом төлөгөнү көрүнүп турат.

factcheck.kg сайтынын маалыматында сөз болуп жаткан фирмага караштуу эки кампа дарегине чейин жазылган. Бирок фирма мүлк салыгын төлөгөн эмес. Ошондой эле 2015-2016-2018-жылдары пайдадан алына турган салыкты да төлөбөгөнү көрүнүп турат.

Дастан Жумабеков буга чейин журналисттерге фирма ишин токтотконун айткан. Бирок Юстиция министрлигинин сайтында «Ал-Био Фарм» фирмасы жабылганы тууралуу да маалымат жок.

Фирманын ээси Алина Кушубекованын өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Фирманын Юстиция министрлигинин сайтында катталган телефон номерине чалганыбызда эч ким жооп берген жок.

«Азаттык» фирма ээсинин таратылган маалыматка байланыштуу пикирин угууга даяр экенин белгилей кетмекчибиз.

Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үй-бүлөсүнүн ишкердигине байланышкан маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

Журналист Турат Акимовдун баамында, парламент төрагасы гана эмес, бийлик бутактарында отургандардын көпчүлүгү өз бизнесин коргоо менен алек болот.

«30 жылдан берки калыптанган бийликтен уят кеткен. Кыргыз жери кетсе да, бүт кыргыз эли кулагына чейин карызга батса да, салыктан качса да аткаминерлер уялбайт. Бизнесин коргоо үчүн эле келгендер отурат. Анткени биз коррупциялашкан, мафиялык мамлекетпиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эрки күчтүү болсо, фирманын салыктарын оңой эле аныктап алса болот. Салык кызматын, Финчалгын кызматын, Финансы полициясын ишке сала турган учур ушул да».

«Мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашаларын жана мүлктөрүн декларациялоо жөнүндө» мыйзам бардык мамлекеттик кызматкерлерди материалдык байлыктарын толук көрсөтүүгө милдеттендирет. Мүлкүн жашырган чиновниктер тууралуу маалыматты Салык кызматы элге жарыялоого акылуу. Андан сырткары мүлкүн жашырган кызматкердин мүлкүн прокуратура текшерүүгө алары эскертилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG