Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:39

"Үйү жок" депутаттардын "үлгүсү"


Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин 48 депутатынын жеке өздөрүнө катталган турак үйлөрү жок. Бул тууралуу алар 2017-жылга карата тапшырган декларациясында көрсөтүшкөн.

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциясында үйү жок 13 депутат бар. Алардын сап башында эң бай адам катары аты чыккан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, ушул эле фракциянын мүчөлөрү Искендер Матраимов жана Азамат Арапбаев турат.

Депутат Искендер Матраимов “Азаттыкка” “Бишкекте турак жайым жок, батирде турам” деп билдирди. Бирок депутат Ошто үйү бар экенин, декларациядагы маалыматтар ката жазылганын айтууда:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

- Декларацияда үйүмдүн бар экенин көргөзгөм. Андан тышкары эмеректеримди да киргизгем. Ката жазып коюшкан окшойт. 60ка чыгайын деп калдым. Менин кантип эле үйүм жок болсун? “Үйү жок” десе эч ким деле ишенбейт го.

Үйү жок депутаттар парламенттеги алты фракцияда тең бар. “Республика - Ата Журттун” лидери Жыргалбек Турускулов, фракция мүчөлөрү Таабалды Тиллаев, Талант Мамытов баш болгон 14 депутаттын өз атына жазылган үйү жок.

“Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков, Канатбек Исаев, Нурбек Алимбеков да өзүнө турак жай каттатышкан эмес. Алимбеков депутат болгондон кийин бизнесин, үйүн жубайына өткөрүп бергенин айтты:

- Менин үйүм аялыма катталган. "Үйү сөзсүз өзүнө жазылышы керек” деген талап жок да. Он жылдан бери депутатмын. Ал эми депутатка жеке ишкерлик менен алектенгенге болбойт. Ошондуктан бизнесимди аялыма өткөрүп бергем. Андан тышкары үйүм да ага катталган. Буга чейинки декларацияларымда деле “үйү бар” деп көрсөтүлүп, суммасынан бери жазып келатабыз. Азыр “48 депутаттын үйү жок экен” деп жазылып жатат. Кудайга шүгүр, баарынын эле үйлөрү бар. Болгону ал аялына, балдарына жазылып калышы мүмкүн. Анан эле “депутаттардын үйү жок, бечара экен” деген туура эмес. Тескерисинче, колунда жок адамдарга үй берип жатпайбызбы.

Үйү жоктордун катарын “Өнүгүү-Прогресстин” төрт жана “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты толуктаган. “Бир Бол” фракциясы да четте калган эмес. Аталган фракциянын мүчөсү Улукбек Ормоновдун да үйү жубайына катталган экен.

- Үй келинчегимдин атында, - деди ал. - Өзүнө катталганбы же катталган эмеспи, бул жерде кандай маселе бар? Биз бир үй-бүлөбүз, чогуу жашап жатабыз. Башка дагы эмне керек, түшүнбөй жатам. Депутат болгонго чейин эле үйүм бар болчу. Бул чогуу салган мүлк.

"Үйү жок" экени айтылган депутаттар социалдык тармактарда тамашага айланды. Интернет колдонуучулар арасында турак жайсыз эл өкүлдөрүнө жардам берүү боюнча демилге көтөрүп, "депутаттар үйү жок болгону үчүн ишинен аксап жаткан турбайбы" деп тамашалагандар болду.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышановдун үйү да аялына жазылган. Ал бул мыйзамга каршы келбесин белгилеп, депутаттардын батир маселесине байланыштуу дагы бир кызык жагдайды айтып берди:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

- Мен Жогорку Кеңеште турак жай боюнча комиссияда мүчөмүн. Ачыгын айтсам, кээде бизге “айрым депутаттар өз үйүн батирге берип, Жогорку Кеңеш берген үйдө жашап жатат” деген маалыматтар келет. Бирок биздин мүмкүнчүлүк жок болгондуктан аны тактай албайбыз. Мисалы, депутат Мамлекеттик каттоо кызматынан “өзүнө жана аялынын атына жазылган үйү жок” деген маалымкат алып келет. Антсе да “үйүн башка тууганына берип коюп өзү парламентке тиешелүү үйдө жашап жатат” деп угуп калабыз. Бирок бул такталбаган маалымат болгондуктан, биз аны тактай албайбыз.

Нышановдун маалыматына караганда, ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн салынган үйлөрдө жыйырмадай эл өкүлү жашап жаткан экен.

Парламенттин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев аткаминерлер мүлкүн жашырып, киреше-чыгашасы тууралуу жалган маалымат бергенин мамлекеттин кепилдиги жоктугу менен байланыштырды:

- Аткаминер болуп жүрүп тапкан байлыгын алар жаап-жашырат. Ал эми ишкерлик менен алектенип жүргөндөр ачык эле жарыялашы керек эле. Бирок алар мүлкүн аргасыздан жашырып жатышат. Анткени “эртең бир нерсе болуп кетсе тартып алат” деп кооптонушат. Ошондой эле аткаминерлер мүлкүн аялына каттатып эле тим болбостон, аны күрөөгө коюп, банктан насыя алып коёт. Себеби андай учурда мыйзам иштебей жатат. Мисалы, бирөө мүлк сатып алса, үч-төрт жылдан кийин эле аны бийлик кайра тартып алып коюшу мүмкүн.

Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы төрагасы Чолпонкул Арабаев мүлкүн жашырган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Жогорку саясий кызматты ээлеген адамдардын мүлкү ачык болушу керек. Тапкан кирешесине алган мүлкү туура келбесе кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин алып барышыбыз керек. Болбосо жок эле дегенде моралдык жоопкерчиликке такап, кызматтан кетүүгө мажбур кылса болот. Ошондо мамлекеттик кызматка келе турган адамдарга бул сабак болот. Анткени министрлердин папкасын көтөрүп: “Кызмат барбы?” деп жүргөндөргө жол берилбеши керек. Мыйзамсыз жол менен байып алган адамдардын кызматка келишине тыюу салыш керек.

Маалымат боюнча 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев буга чейин анын ичинен 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Ал "кирешеси менен чыгашасында чоң айырма чыккан аткаминерлердин документтери прокуратурага өткөрүлүп, аларга юридикалык баа берилет" деген убадасы да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков да парламенттеги соңку билдирүүсүндө аткаминерлердин декларациялары жакшылап текшерилерин эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG