Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Матраимовдун «маалкаткан» мүлкү


Раимбек Матраимов.
Раимбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө элек.

Аталган органдын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, учурда текшерүү кадимкидей жүрүп жатат.

«Текшерүү качан аяктарын биз азырынча айта албайбыз», - деди ал.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) мындай жообу жыл башынан бери журналисттер үчүн жаңылык эмес. Себеби, «президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Матраимовдун мүлкү текшериле баштады» деген күндөн бери дал ушундай гана комментарий берилип, бул иштин жагдайлары белгисиз бойдон турат.

Расмий орган сыяктуу эле Райымбек Матраимов бул иш боюнча эч кандай комментарий бербейт. Анын агасы, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов инисинин мүлкү текшерилип жатканы боюнча кабары жок экенин кыскача эле айтты:

«Текшерген болсо тийиштүү органдар текшерип жатса керек. Биз аны текшербейбиз».

Мындай жагдайда артынан көп сөз ээрчиткен Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүүнүн создугушу аны кимдир-бирөө калкалап жатабы деген шектенүүнү күчөттү. Анткени президент Жээнбековдун бийлигине сын айткандар анын Райымбек Матраимов менен байланышта экенин негизги жүйөлөрдүн бири катары колдонуп келишет.

«Кимдин заманы?»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана командасы учурдагы президент Жээнбековду «Матраимовду калкалап, бажыдагы мыйзамсыз иштерине көз жумат» деп айыптап келген. 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингинде Атамбаев Матраимов тууралуу айткан:

«Раим-миллиондун артында 2011-жылдан бери губернатор Жээнбеков, депутат, кийин спикер Асылбек Жээнбеков, андан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, эми президент Жээнбеков турат. Кимдин-кимдин заманы, Раимдердин заманы болуп жатат».

Атамбаев: "Райым миллионду" кызматтан алууну сурангам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

​Матраимов да, бийлик да бул маселе боюнча айтылган сынды четке кагып келет. Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жыл алдындагы басма сөз жыйынында Матраимовду өзүнө байланыштыруу калпыс аракет экенин айтып, анын мүлкүн текшерүүгө буйрук берген эле:

«2010-жылдан бери Райымбек Матраимов тууралуу эч ким сөз кылбай, сөз кылса деле көңүл бурбай келбеди беле? Мен кызматка келгенде эле аны «коррупционер, Жээнбековдун жакыны» деп чыгара калышты. Ал мага чейин эле иштеген, мен келгенден кийин иштен алып коюшту. Азыр соттошуп жатат, өткөндө соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүштү».

Саясий эксперт Эмилбек Жороев Матраимов учурдагы бийликтин талуу маселесине айланганын белгилейт. Ошондуктан ал президент өз дарегине айтылчу сөздөрдөн арылыш үчүн эртеби-кечпи чечим кабыл алышы керек деген пикирде.

«Матраимовдун маселеси жок жерден чыккан сөз эмес, - деди ал. - Эгер бийлик чындап коррупция менен күрөшүн көрсөткүсү келсе, ачыктыкты камсыз кылып, эл арасында сүйлөнүп жаткан сөздөргө чекит койгусу келсе бул маселеге маани берип, баасын эртерээк бериши керек».

49 жаштагы Райымбек Матраимов бажы тармагында 1997-жылдан бери иштеп келет. Ал бул мезгил аралыгында негизинен Ош бажысында иштеп, акыркы 15 жылдан бери жетекчилик кызматты ээлеген. 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. Бул кызматтан 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков бошоткон эле.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деп тапкан болчу.

Кыргызстанда бажы тармагы коррупциялашкан тармак катары белгилүү. Коңшу өлкөлөр да билдирүү таратып, бажыны иретке салуу маселесин көтөрүшкөн. Дал ушул тармакта жетекчилик кызматты ээлеген Райымбек Матраимовдун дарегине ар түркүн сөздөр айтылып келген. Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы бийлик буга алгач көңүл бурбай, президент Сооронбай Жээнбеков менен мамиле бузулган соң гана сынга ала баштады.

Ошол эле кезде Матраимовдордун үй-бүлөсү бардар экенин жашырбайт. Алар атасынын атынан фонд ачып, Кара-Суу районунда кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келгенин байма-бай айткан эле.

Райымбек Матраимовдун бир туугандары акыркы кезде бир катар жогорку кызматка дайындалганы бул жааттагы кептерди күчөткөн. Маселен, мурдагы бажычынын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болсо, дагы бир агасы өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими. Иниси Ислам Матраимов анын мүлкүн текшере турган Финполициянын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт. Бирок Матраимовдор мындай даражага ак эмгектин арты менен жеткенин айтып жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG