Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт


20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн -0…-5, күндүз 4…9;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында 20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаашы ыктымал, күндүз жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7 градусту түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG