Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

БУУнун Башкы ассамблеясы Крым боюнча резолюция кабыл алды


БУУнун Башкы ассамблеясы 18-декабрда Орусия аннексиялаган Крымдагы адам укуктарын коргоо тууралуу резолюция кабыл алды. Документти 65 өлкө колдоду, 23ү каршы болушту, 83 өлкө калыс калды. Каршы добуш бергендердин арасында Орусия, Беларус, Казакстан, Армения жана Кытай бар.

Күчүнө дароо кирген документте Крымдан күчтөп кетирүү же көчүрүү өңдүү аракеттер аркылуу демографиялык кырдаалды өзгөртүү саясатын токтотуу, куугунтуктарга чекит коюу, кармалган активисттерди бошотуу, Украинанын мыйзамсыз кармалган жарандарын коё берип, өлкөсүнө кайтууну камсыздоо жана башка талаптар коюлган.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги жарым аралда украиндер менен крым татарларынын укуктары «такай бузулуп жатканын» билдирген. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров муну «ойлоп табылган» сөздөр деп сыпаттады. Сентябрда Улуттар уюму баш катчынын Крымдагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу алгачкы баяндамасын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG