Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттер үчүн 15-жолу жылдык басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Президент иш-чаранын башында климаттын ысышы жана орусиялык спортчулардын Олимпиада жана башка ири мелдештерден четтетилиши өңдүү маселелерге кайрылды.
Кремль пресс-конференцияга 1 895 журналист каттоодон өткөнүн, бул рекорддук сан экенин аптанын башында билдирген.
Жыл жыйынтыгын чыгарган мындай пресс-конференцияларда Путин адатта өз имиджин көтөрүү, жергиликтүү калкты алар ишенимдүү колдо экенине ынандыруу жана Кошмо Штаттар менен башка өлкөлөргө маанилүү маселелер боюнча ишарат кылуу үчүн пайдаланып келет.
Суроо-жооп сессиясы жакшылап тескелет жана көзөмөлдөнөт. Бул пресс-конференциялар узактыгы менен да белгилүү. Мисалы, 2008-жылы басма сөз жыйыны 4 саат 40 мүнөткө созулган. Бирок бул жолку жыйын сурамжылоолор Путиндин популярдуулугу түшүп баратканын көргөзгөн маалда өтүүдө. Быйыл жайында жергиликтүү шайлоодон оппозициялык талапкерлердин четтеп калышына байланыштуу башкалаада нааразылык акциялары уюштурулуп келди. Бара-бара митингдер башка шаарларга да жайылып, кеңири саясий, демократиялык талаптар да айтылып жатты.
Жүздөгөн киши кыска мөөнөткө кармалып, коё берилишкен. Бир нече активист полицияга кол салган деп абакка же шарттуу кесилишти. Орус коопсуздук күчтөрү митингдер учурундагы ырайымсыз тактикасы үчүн сынга кабылышкан.