Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Автоунааларды бажылык тариздөө түнкү саат 12ге чейин жүрөт


Кыргызстандын автобазарларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын автобазарларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жеңилдетилген бажы алымдарынын мөөнөтү 31-декабрда аяктап жатканына байланыштуу автоунааларды жол-жоболоштурууну 20-декабрдан тарта дем алышсыз жана түнкү 12ге чейин жүргүзөрүн жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” бажы мекемесинин басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинен сырткаркы мамлекеттерден транспорт алып келген жеке тараптар машинелерин “Түндүк темир жол” бажысынан (Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2А) жана “Түндүк-Чыгыш” бажысынан (Военно-Антоновка айылы, Степное көчөсү, “Риом” автобазары) өткөрө алышат.

Жаманак Мүсүрканов тургундарга буюртмаларын эртелетип алып келүү тууралуу мурдатан эле эскертүү берилип келгенин белгилеп, ага карабай кечиккендерди тейлөөнү бажы мекемеси тездетерине ишендирди.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы жайда кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Транспорт каражаттарына бажы алымдарынын жеңил тарифи 2019-жылдын 31-декабрында аяктайт жана 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG