Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Сот иликтөө жасаган журналисттердин атын ачык жарыялоо өтүнүчүн четке какты (видео)


Жылдыз Ибраимова.
Жылдыз Ибраимова.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова журналисттик иликтөөнү даярдаган бардык журналисттердин аты-жөнүн ачыкка чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Иликтөөнү даярдаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жактоочулары иликтөө медиалардын атынан жарыяланганын, андыктан журналисттердин атын ачыкка чыгарууга негиз жок экенин жүйө кылышты.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган иликтөөлөрдө 20дан ашык журналист, редакторлор иштеген. Иликтөө учурунда кабарчылар коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, сабалган да окуя болгон.

Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча 19-декабрдагы баштапкы соттук угууда судья жараянды фото, видеого тартууга тыюу салды, журналисттик иликтөөдө Матраимовдор боюнча айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тартты жана журналисттик иликтөөнү даярдаган бардык журналисттердин аты-жөнүн ачыкка чыгаруу өтүнүчүн четке какты.

Жыйынтыгында иштин мазмуну боюнча соттук кароо 2020-жылдын 20-январына дайындалды. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган. (BTo)

Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчү четке кагылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

XS
SM
MD
LG