Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Владимир Путин АКШ президентин коргоду


Владимир Путин пресс-конференцияда. Москва, 19-декабрь, 2019-жыл
Владимир Путин пресс-конференцияда. Москва, 19-декабрь, 2019-жыл

19-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференцияда АКШ президенти Дональд Трампка жарыяланган импичмент “жок жерден ойлоп табылган” дооматтарга негизделген деген пикирин айтты. Путин Трамп кызматта калат деп күтөөрүн кошумчалады. Ал “шайлоодо утулуп калган партия башка аракеттер менен күрөштү улантууда” деди.

18-декабрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Эми маселени Сенат карамакчы. Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы республикачыл Трамп кызматынан кыянат пайдаланган жана Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук түзгөн деген резолюцияны кабыл алган.

Мичигандагы жыйында сүйлөгөн Трамп демократтар “он миллиондогон патриот америкалыктардын добуштарын жокко чыгарууга аракеттенишүүдө” деди.

Кремль пресс-конференцияга 1 895 журналист каттоодон өткөнүн, бул рекорддук сан экенин аптанын башында билдирген.

Жыл жыйынтыгын чыгарган бул жолку басма сөз жыйыны сурамжылоолор Путиндин популярдуулугу түшүп баратканын көргөзгөн маалда өтүүдө. Орус лидери климаттын глобалдуу ысышы, орусиялык спортчулардын Олимпиададан четтетилиши, Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу, Вашингтон менен мамилелер өңдүү маселелерге кайрылды.

XS
SM
MD
LG