Москвада, такталбаган маалыматтарга караганда, атайын кызматтын бир нече кызматкери жарадар болду же каза тапты. Бейшембинин кечинде Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жайгашкан Лубянская аянтында белгисиз адам ок аткан. Бул тууралуу күбөлөр маалымдашты.
Коопсуздук кызматынын коомдук байланыштар борбору кол салган адам атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын тек-жайы аныкталууда.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлагандай, “112” телеграм-каналы өз булактарына таянып коопсуздук кызматынын үч кызматкери каза болгонун жазды, дагы бир канал эки кызматкер өлгөнүн билдирди.
РБК агенттиги Ички иштер министрлигиндеги булакка шилтеме кылып, белгисиз адам парковкада "Калашников" автоматынан ок атканын жазды. Башка бир маалыматтарга ылайык, ок атуу ФСБнын кабылдамасында башталган.
Окуянын так чоо-жайы азырынча белгисиз. Чоң Лубянка аймагында жол тосулганы кабарланды.