Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Ташкентте метро курулушундагы кырсыктан алты адам набыт болду

Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Ташкент шаарында метро курулуп жаткан жер көчүп, топурак алдында калган алты жумушту набыт болду. Алар Самарканд жана Кашкадарыя облусунун тургундары экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуя 18-декабрда Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймакта болгон. Адистер муну акыркы күндөрдөгү тынымсыз жамгырдан көрүп жатышат. 

Ташкент метрополитени жүргүзүп жаткан жер асты курулушундагы кырсыктын себептерин тактоо жана кесепеттерин жоюу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Өкмөт курман болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миллион сумдан жардам бермей болду. Бул каражат болжол менен кыргыз валютасына 73000 сомдон ашат. 

XS
SM
MD
LG