Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Ширин Айтматова жолдошун УКМК кармаганын билдирди


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирди.

Ал "Твиттерге" жолдошу Алматы аэропортунан кармалып, Бишкекке алып келингенин жазып, "репрессия уланууда" деп билдирди.

Атайын кызмат буга азырынча комментарий бере элек.

Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жоголгонун маалымдаган. Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге жардам сурап кайрылган.

Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеген. Ал акыркы кезде коомдук-саясий окуялар тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү чабал жүрүп жатат деп сындап келе жатат.

Ал жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырып жатат.

XS
SM
MD
LG