Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Сагымбаев: Атамбаевдин кармалары тууралуу эскертүү берилген эмес


Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.
Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан жансакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна кошулбай турганын айтып, «бир тараптуу жана бийликке жагалданып чыгарылган чечимдерге макул эмесмин!» деп билдирди.

Анын бул билдирүүсүн Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) таратты. Сагымбаев Атамбаевди кармоо боюнча операция болору тууралуу ага эч ким эскертүү бербегенин билдирип, Кой-Таш окуясы учурунда ал өз милдетин так аткарганын кошумчалаган.

- Өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип, окуя болордон эки-үч күн мурун 9-кызматтын жетекчиси Шабданбековго барып, эгерде мурдагы президентти күч менен кармай турган болуп калса, менин милдетим жана жоопкерчилигим кандай болорун сурагам. Ал мага «четке чыгып турасың го» деди. Мен кайра сурадым «эгерде эскертүүсүз, күтүүсүз келсечи, мен алардын ким экенин кайдан билем?» десем, «байкайсың да» деди. «Макул, четке чыгып турайын, кокус ошол убакта Атамбаев Алмаз Шаршеновичке бир нерсе болсо, ким жооп берет, ал кишинин коопсуздугу үчүн биринчи кезекте мен жооптуумун да, ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн эмеспи? Эгерде андай буйрук бере турган болсоңуз, анда мени азыр эле токтоосуз чакыртып алыңыз дедим, - деп айтылат билдирүүдө.

Сагымбаев «Атамбаевдин коопсуздугун өз моюнума алам деп расмий буйрук чыгарып бериңиз» деп айтканын да кошумчалаган. Бирок кийин такташып туруп кабар берерин айтып, ошону менен жооп болбогонун билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу 12-декабрда Атамбаевди суракка күч менен алып келүү боюнча иш-чара болору тууралуу Канат Сагымбаевге алдын ала маалымат берилгенин, бирок так датасы айтылбаганын билдирген. Ошондуктан ал күч органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийиши керектиги түшүндүрүлүп, кол коюп бергенин билдирген. Бирок Кой-Ташта ал күч кызматкерлеринин талабына көнбөй, тескерисинче ок чыгарганын айткан.

Алмазбек Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында кайтарып жүргөн. Ал 24-сентябрда кармалган.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене боюнча айып коюлуп жатат.

Кой-Таш окуяларынан кийин Сагымбаевге карата кызматтык териштирүү болуп, «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде УКМКдагы 9-кызматтан бошотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG