Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Террористтик уюмдун мүчөсү жасалма кыргыз паспорту менен кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган адам.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган адам.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, чет өлкөнүн жараны жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар делип жана Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 19-декабрда кармалган. Анын жасалма кыргыз паспортун колдонуп жүргөнү аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги быйыл мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголгонун билдирген. Кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардан Кыргызстандын жасалма паспорту чыккан окуялар соңку кезде көп катталууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG