Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Трамп импичмент маселесин Сенат чукул карашын талап кылды


Дональд Трамп АКШнын тарыхында Өкүлдөр палатасы импчмент жарыялаган үчүнчү президент болуп калды.
Дональд Трамп АКШнын тарыхында Өкүлдөр палатасы импчмент жарыялаган үчүнчү президент болуп калды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин жогорку палатасынан импичмент боюнча соттук жараянды тез арада баштоону талап кылды. Бул тууралуу ал "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Бирок Өкүлдөр палатасы импичментке байланыштуу кагаздарды азырынча Сенатка жөнөтө элек. Демократтар териштирүүнүн тартип-эрежеси боюнча талашып-такташып жатат. Тактап айтканда, алар Сенатта жаңы күбөлөр көрсөтмө беришин талап кылууда. Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл мындай шарттан баш тарткан жана Өкүлдөр палатасындагы импичмент боюнча добуш берүүнү айыптаган.

Өкүлдөр палатасы 18-декабрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Демократтар аны "кызматынан кыянат пайдаланган" жана "Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан" деп айыптаган.

Трамп Киевден АКШ президенттигине ыктымал талапкер, саясий атаандашы "Жо Байденге каршы иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, болбосо Украинага жардам берилбейт деген шарт койгон" деп айыпталууда. Демократтар муну өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары баалашкан.

Келе жаткан жылдын башында Сенат Жогорку соттун төрагасы Жон Робертстин жетекчилигинде импичмент маселеси карамакчы. Президентти кызматтан кетирүү үчүн сенаторлордун үчтөн эки бөлүгүнүн добушу керек. Ушу тапта жогорку палатада 53 республикачыл жана 47 демократ бар.

Өлкө тарыхында Өкүлдөр палатасы ушуну менен үчүнчү жолу мамлекет башчыга импичмент жарыялады.

Буга чейин 1998-жылы Билл Клинтонго, 1868-жылы Эндрю Жонсонго импичмент жарыялоону колдогон. Бирок Сенат эки жолу тең президенттерди кызматтан четтетүүгө каршы болгон.

1974-жылы Ричард Никсон импичмент процесси колго салууга жете электе кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG