Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Түркияда балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев эскерилди


Чолпонбек Базарбаев.
Чолпонбек Базарбаев.

19-декабда Анкара шаарында балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган эскерүү маданий кечеси болду.

Иш-чаранын алкагында, даңазалуу кыргыз балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сөздөрү, сүрөт көргөзмөсү жана «Ак куу көлү» балети коюлду.

Ага Базарбаевдин иниси Кудайберген Базарбаев, Анкарадагы элчилер, Түркиянын министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, Анкарадагы кыргызстандыктар жана балеттин күйөрмандары катышты.

Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачылыгына арналган кече ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдыңкы балет бийчиси болгон. 1993-1996-жылдар аралыгында Кыргызстандын маданият министри болуп эмгектенген артист 2002-жылы дүйнөдөн кайткан. Маркумдун көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. (ElB)

XS
SM
MD
LG