20-декабрда Ирандын президенти Хасан Роуханинин Жапониядагы эки күндүк сапары башталды. Ал Токиодо жапон премьер-министри Синдзо Абе менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы алака-катышты, аймактык, эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.
Бул жылы эки өлкө ортосундагы алака жаңы деңгээлге чыкты. Роухани акыркы жыйырма жыл ичинде Токиого биринчи барган иран лидери болсо, премьер-министр Синдзо Абэ да акыркы 40 жылда алгач ирет Тегеранга келген жапон лидери болуп калды.
Токио Иран менен АКШ ортосунда өзөктүк программага байланыштуу жаралган чыңалууну жазып, арачы болууну көздөп турат.
“Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтып, кырдаалды стабилдештирүү үчүн тийиштүү өлкөлөр, анын ичинде Иран жана Кошмо Штаттары менен кызматташтыкта дипломатиялык аракеттер көрүлөт” деп билдирген Жапониянын Тышкы иштер министрлиги. Иран өкмөтү бул билдирүүнү кубаттоо менен кабыл алып, “олуттуу талдай турганын” айткан.
Жапон өкмөтү кемелердин коопсуздугун камсыздоого жардам иретинде Жакынкы Чыгышка деңиз аскерлерин жайгаштыруу планын бүткөрүү алдында турат. Бирок жапон маалымат каражаттарынын жазышканына караганда, өлкө АКШ баштаган коалициянын Ормуз кысыгындагы миссиясына катышпайт.
Ирандын расмий адамдары чет өлкөлүк күчтөрдүн аймакта жайгашканы мунай ташууну кооптуу абалга кептейт деп келатышат.