Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Акчасы жок баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон айдоочу жумуштан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акчасын жоготуп жиберип жол кире төлөй албай калган 11 жаштагы баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу иштен кетти. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова ырастады.

Алмамбетова бул окуя боюнча маалымат чыккандан кийин баланын ата-энесин таап, кечирим сурашканын айтты.

"24.kg" сайтына баланын апасы кайрылып, №7 автобустун айдоочусу баласын үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын айтканын жазган. Буга окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып, жол кирени төлөй албай калганы негиз болгон. Ал караңгы кирип кеткендиктен баласынын коопсуздугуна кабатыр болушканын айтып, №7 автобустун айдоочусу жүргүнчүлөргө орой мамиле кыларын билдирген.

Мэрия окуя териштирилип жатканын кабарлады.

Сентябрда Бишкекте коомдук транспортто улгайган аялды урушуп, түшүрүп салган №11 троллейбустун айдоочусу жумуштан алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG