Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, алты үйдүн чатырын учуп кеткен. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери чыгымдарды эсептеп жатышат. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлап, кошумча маалымат берилерин айтууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шамалдан жапа чеккен адамдар жок. (ZKo)