Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө сынак жарыяланды


Парламенттеги көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо кеңешине сынак жарыялады. Эки бош турган орунга талапкер катары жарандык коомдон, окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жазуу жүзүндө келип түшкөн сунуштар 28-декабрга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

“Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга ылайык, кеңешке мүчө болгусу келгендерге бир нече талаптар коюлган. Талапкер Кыргызстандын жараны болушу керек, кандайдыр бир партияда турбай, коомдо кадыр-баркка ээ болуп, буга чейин сот жообуна тартылбашы керек. Толук маалымат алуу үчүн бул жерге кириңиз.

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы 2017-жылдын 21-декабрында бекитилген. Сотторду тандоо кеңеши 2010-жылдан кийин сот реформасын жүргүзүү демилгесинин алкагында түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG