Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Оң рулдуу машине менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов 2020-жылдын 1-январынан баштап оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүктү ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Депутат сунуш кылган мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга салынган тыюуну 2025-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган. Жогорку Кеңештин сайтында бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү сунуш кылган долбоордо "коммерциялык максатта оң рулдуу автоунаа колдонгон айдоочулардын жоопкерчилиги мыйзамда так жазылбай калган" деп белгиленет. Ошондой эле депутат негиздеме катта оң рулдуу машине айдап, үй-бүлөсүн баккандар бар экенин, аларга тыюу салуу социалдык чыңалууга алып келээрин белгиледи.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан. Буга чейин Ички иштер министрлиги жол кырсыктарына оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк кабылаарын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG