Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:27

Лавров: АКШнын санкцияларына карабай газ долбоору уланат


Сергей Лавров. (архивдик сүрөт)

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Түндүк Агым-2” жана “Түрк агымы” долбоорлору АКШ жакында жарыялаган санкцияларга карабай уланарын билдирди.

"Интерфакс" агенттиги 22-декабрда министрдин “Москва жаңы чараларга жооп берет” деген сөздөрүн келтирет.

АКШ президенти Дональд Трамп анын алдында кол койгон жобого ылайык, санкциялар “Түндүк Агым-2” газ куурун төшөп жаткан фирмаларга да жайылат.

АКШ өкүлдөрү орус газын Германияга ташый турган газ кууру Европанын энергетикалык коопсзудугуна коркунуч катары сыпаттап келатышат. Буга чейин Берлин санкцияларды сындап, бирок алар мамлекетке эмес, менчик компаниларга каршы багытталгандыктан, жооп чараларды пландабай жатканын билдирген.

Мамлекеттик Биринчи каналдагы интервьюда Лавров Орусия келечекте АКШга “Сармат” деген континент аралык жаңы баллистикалык ракетаны тартуулоого даяр деди. Министр Вашингтон менен стратегиялык курал тууралуу келишим кеңейтилсе, Москва ага “Самартты” жана “Авангард” системасын киргизүүгө даяр деди.

XS
SM
MD
LG