Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:00

Журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлгөнүнө 10 жыл болду


Белгилүү журналист, “Белый парус” басылмасынын редактору Геннадий Павлюктун өлтүрүлгөнүнө 10 жыл толду.

2009-жылы 16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кылмышкерлер Павлюктун колу-бутун байлап алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Ал оор абалда ооруканага түшүп, 22-декабрда каза тапкан.

Бул окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынган. Сот кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Алдаяр Исманкуловду 17, казак жарандары Шалкар Уразилинди 11, Алмаз Игиликовду 10 жылга эркинен ажыраткан.

Укук коргоо органдары журналистке атайын кол салуу болгонун билдирген. Анын өлүмү журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет.

2011-жылы 28-майда Павлюкка Бишкек шаарында эстелик тургузулган.

Геннадий Павлюктун өлүмү менен Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү түздөн-түз байланышта экени айтылган. Мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин тушунда журналисттерге кол салуу, коркутуп-үркүтүү фактылары көп болгон. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG