Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

ӨКМ: Катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат

Шамал учуруп талкаланган чатыр. Чоң-Алай, Кашка-Суу айыл аймагы. 22-декабрь, 2019-жыл. (сүрөттү айылдыктар жиберген).
Шамал учуруп талкаланган чатыр. Чоң-Алай, Кашка-Суу айыл аймагы. 22-декабрь, 2019-жыл. (сүрөттү айылдыктар жиберген).

Ош, Жалал-Абад облустарында катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 23-декабрдагы маалыматына караганда, 22-декабрда Оштун Чоң-Алай районунда ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал катталып, айрым айылдарда мектеп, Маданият үйү, турак үйлөрдүн жалпы аянты 689 чарчы метрлик чатырын учуруп кетти.

Алайда катуу шамалдан алты үй жабыркады.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 80дей үйдүн чатыры талкаланды.

Тиешелүү мекемелер комиссия түзүп, жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Адам өмүрүнө зыян тийген учур катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG