Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:06

Сузактын тоолуу айылдарында эки күндөн бери жарык жок


Энергетиктер.

Сузак районунун аймагындагы 10 айылда эки суткадан бери электр энергиясы жок болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Баш айылынын тургундары билдиришти. 21-декабрь түнүндө кар жааганда өчкөн свет азыркыга чейин бериле элек.

Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев калкка жарык жеткирүү максатында энергетиктер ремонт иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

- Райондун тоо зонасындагы бир топ айылдарга барчу электр зымы үзгүлтүккө учурагандыктан светти берүү мүмкүн болбой жатат. Учурда райондун Жаңы-Айыл, Ак-Баш, Кызыл-Сеңир, Ачы, Маркай, Сай сыяктуу бир топ айылдарында эки суткадан бери жарык жок, – деди Төрөгелдиев.

"Жалал-Абад электро" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда аймакта 8 бригада калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Райондун Каду, Орток, Карангер, Жерге-Тал, Маркай айылдарына бүгүн кечке чейин электр жарыгы берилет.

21-декабрдагы калың карга байланыштуу Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунун тургундары да бир күн жарыксыз отурушту. (RsK)

XS
SM
MD
LG