Оштогу "Хай-теч Эмир" компаниясы Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-декабрда долбоор менен таанышып келди.
"Долбоор Кочкор-Ата шаарында 2019-жылдын 1-ноябрында ишке киргизилген. Кыймыл эң көп болгон 16 кесилишке 106 камера коюлду. Электр жарыгысыз эле 6 саатка чейин иштеген камералар үч режимде иштейт: күндүзгү жана түнкү съемка, унаалардын мамлекеттик каттоо номерлерин фиксациялоо",- деп айтылат расмий маалыматта.
"Economist" сайтынын маалыматына караганда, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы "Коопсуз шаар" үчүн июлда 7,7 миллион сомго тендер жарыялаган, каражат жергиликтүү бюджеттен сарпталат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кочкор-Атада 2019-жылдын 1-январына карата 17 миң адам жашайт.
Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 12-февралында ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.