Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:18

Чек арадагы чырда жабыркагандардын абалы дурус


Архивдеги сүрөт.
Архивдеги сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон чырда жабыркагандардын абалы дурус экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жараат алгандардын бири Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна которулган. 23-декабрда ага операция жасалат. Абалы салыштырмалуу жакшы.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун ар кандай жарааттар менен ооруканага түшкөн.

Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирген.

Чыр тажик жарандары такталбаган аймакта курулуш жүргүзүп жатканынан улам тутанганы айтылган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде курулуш иштери токтотулган.

XS
SM
MD
LG