Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү Текебаев менен Чотоновдун сотуна келүүдөн баш тартышты


Текебаев жана Чотонов.
Текебаев жана Чотонов.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу өтүп жаткан сотко мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү келүүдөн баш тартышты.

Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов сыяктуу күбөлөрдүн отурумга келүүдөн баш тартышына "коомдук-саясий кырдаалдын өзгөргөнү" негиздеме катары көрсөтүлдү.

23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишине байланыштуу кезектеги отурум болду.

Ноябрдагы отурумдарда экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары аларга коюлган айып негизсиз экенин билдиришкен.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.

Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында. (SE\KJ)

XS
SM
MD
LG