Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Чоң-Капкада 2 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалды


Мамлекеттик чек ара кызматы Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекетинде дээрлик 2 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалганын билдирди.

23-декабрда таратылган кабарга ылайык, тийиштүү документтери жок жүк Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп жатканда колго түшкөн.

“Volvo” жүк унаасындагы товарлардын арасында дары-дармек, сагыз жана парфюм каражаттары болгон. Айдоочу көрсөткөн документте машинеде сантехника буюмдары бар экени жазылган.

Жүктүн жалпы суммасы 1 905 000 сом деп эсептелип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жүктүн ээси жана жарандыгы жөнүндө маалымат бериле элек.

Эки мамлекеттин ортосунда 11 автоунаа өткөрүү пункту бар.

XS
SM
MD
LG