Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

АКШ: демократтар импичмент ишинде жаңы күбөлөрдүн суралышын талап кылат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер жарыяланып кеткен жаңы документтерге ылайык, импичмент жарыялоо жараянында жаңы күбөлөр суралышы керектигин билдирди. Мунун алдында Вашингтондун Киевге убада кылган аскердик жардамын токтото туруу боюнча президент Дональд Трамптын администрациясынын кызматкерлеринин электрондук каты ачыкка чыккан. Ал кат Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин саясий чуу жараткан телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин 1,5 сааттан кийин эле жазылганы белгилүү болгон.

Өкүлдөр палатасы 18-декабрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Демократтар аны "кызматынан кыянат пайдаланган" жана "Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан" деп айыптаган.

Трамп Киевден АКШ президенттигине ыктымал талапкер, саясий атаандашы "Жо Байденге каршы иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, болбосо Украинага жардам берилбейт деген шарт койгон" деп айыпталууда. Демократтар муну өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары баалашкан. Трамп дооматтардын баарын четке каккан.

Келе жаткан жылдын башында Сенат Жогорку соттун төрагасы Жон Робертстин жетекчилигинде импичмент маселеси карамакчы. Президентти кызматтан кетирүү үчүн сенаторлордун үчтөн эки бөлүгүнүн добушу керек. Ушу тапта Жогорку палатада 53 республикачыл жана 47 демократ бар.

АКШнын тарыхында Дональд Трамп Өкүлдөр палатасы импичмент жарыялаган үчүнчү президент болуп калды. Буга чейин 1998-жылы Билл Клинтонго, 1868-жылы Эндрю Жонсонго импичмент жарыялоону колдогон. Бирок Сенат эки жолу тең президенттерди кызматтан четтетүүгө каршы болгон. 1974-жылы Ричард Никсон импичмент процесси колго салууга жете электе кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG