Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:39

"Ведомости": ЕАЭБге мүчө үч өлкө Орусиядагы жаңы мыйзамды сындады


Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө үч өлкө - Кыргызстан, Беларус жана Казакстан Орусиянын базарында сатылып жаткан смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго кошумча орусиялык программаларды орнотууга милдеттендирген мыйзамды сындады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына караштуу ички базарлардын иштеши боюнча департаменттин токтомуна таянып орусиялык «Ведомости» басылмасы жазды. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын бышыктады. Аталган үч мамлекеттин өкүлдөрү Орусиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылат деп эсептешет.

Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды Мамлекеттик Дума 2019-жылдын ноябрында кабыл алган. Президент Владимир Путин ага декабрда кол койгон. Документке ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго милдеттүү турдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG