Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:02

ФИФАнын расизмге каршы протоколу биринчи жолу колдонулду


"Тоттенхем" менен "Челси" беттешкен учур.

Футбол боюнча эл аралык федерациянын (ФИФА) расизмге каршы күрөшүү боюнча протоколу биринчи жолу Лондондо 22-декабрда "Тоттенхем" менен "Челсинин" футбол командаларынын беттешинде колдонулду. Эки команда таймашып жатканда "Тоттенхемдин" түштүк кореялык оюнчусу Сон Хен Мин атаандашы, ынды кара Антонио Рюдигерди буту менен тээп жиберген. Мындан кийин Сон Хен Мин оюндан четтетилген. "Тоттенхемдин" күйөрмандары трибунадан Рюдигерге "маймыл" деп мазактап кыйкыра башташкан. ФИФАнын протоколуна ылайык, стадиондо диктор үн күчөткүч аркылуу үч жолу эскертүү берген.

Мындан бир ай мурун Европа футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) Швециянын улуттук курама командасынын чабуулчусу, ынды кара Александер Исакка румын футбол күйөрмандары жасаган мамилесине байланыштуу дисциплинардык иш ачкан.

Анын алдында Болгариянын Футбол федерациясынын төрагасы Борис Михайлов Англиянын командасы менен беттеш маалындагы окуядан кийин кызматтан кеткен. Европа чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Англия менен Болгария беттешип жатканда болгариялык ышкыбоздор атаандаштардын ынды кара оюнчуларына расисттик белгилерди көргөзүп, чуу чыккан. УЕФА бул окуяны да териштирерин билдирген.

УЕФА ошондой эле Түркиянын футболчуларынын оюн талаасындагы жүрүм-туруму иликтениши ыктымал экенин билдирген. 14-октябрда дүйнө чемпиону Францияга гол киргизгенден кийин алар Сириянын түндүгүндө согушуп жаткан жоокерлерди аскердик ишарат менен кубатташкан. Буга чейин уюм түрктөр Албания менен болгон матчта да ошондой ишарат кылышкан деген маалыматтар чыккан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG