Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Сот юрист Токтакуновдун арызын караган жок


Бишкектин Октябрь райондук соту юрист Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу жазган арызын канааттандырган жок.

Токтакунов буга байланыштуу Бишкек шаардык сотуна арызданарын айтты. Азырынча соттон расмий маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

9-декабрда «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса, чара көрүүнү өтүнгөн.

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын (журнал учета информации) автоматташтырылган базасына катталганын маалымдаган. Башкы көзөмөл орган арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилгенин, мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында караларын билдирген.

Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда.

Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG